Португалияда улуттук аза күтүү жарыяланды
Өрттөн улам 17-сентябрда апаат абалына кирген Португалияда бүгүн улуттук аза күтүү жарыяланды.
Португалияда 14-сентябрдан бери уланып жаткан жана 7 адамдын өлүмүнө себеп болгон токой өрттөрүнө байланыштуу улуттук аза күтүү жарыяланды.
Өлкө тарыхындагы эң чоң токой өрттөрүнүн бирин башынан өткөргөн Португалияда ушул убакка чейин күйгөн аянттын борбор шаар Лиссабондун 10 эсесиндей чоң экени белгиленди.
Өзгөчө өлкөнүн түндүк аймагын каптаган жана 120 миң гектардан ашуун токой аянтын жок кылган өрт, кийлигишүүлөр менен да, жамгырдын башталышы менен да көзөмөлгө алынды.
Өрттөн улам 17-сентябрда апаат абалына кирген Португалияда бүгүн улуттук аза күтүү жарыяланды.
7 киши каза болуп, 160ка жакын киши жаракат алган өрткө байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөө иштеринде ушул убакка чейин 5 кишинин камакка алынганы кабарлады.
Өлкөнүн түндүгүндөгү Аверио, Вила Реал, Брага, Висеу жана Коимбра сыяктуу кээ бир айылдарды толугу менен жок кылган өрттүн кесепетинен жүздөгөн кишинин үйсүз калганы, миңдеген унаанын жараксыз абалга келгени билдирилди.
Португалиянын Улуттук өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргоо агенттиги өрттүн 30га жакын жерде уланып жатса да көзөмөлгө алынганын маалымдады.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.