Кассам бригадалары израилдик аскерлерди бутага алышты
Израиль аскерлеринин арасында каза тапкандардын жана жаралангандардын бар экени кабарланды.
Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары, Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында бир үйгө кирген израилдик аскерлерди бутага алганын, каза болгон жана жараланган аскерлердин бар экенин жарыялады.
Кассам бригадаларынын телеграм баракчасындагы билдирүүдө, Рафахтын чыгышындагы Теннур районунда бир үйгө кирген израилдик аскерлердин ок-дарылар менен бутага алынганы белгиленди.
Израиль аскерлеринин арасында каза тапкандардын жана жаралангандардын бар экени, каза болгон жана жаралууларды алып чыгуу үчүн Израиль армиясына таандык тик учактардын аймакка конгону кабарланды.
Газа тилкесинде палестиналык каршылык көрсөтүүчүлөр менен аймакка кургактыктан басып кирүүгө аракет кылган Израиль армиясынын ортосунда кагылышуулар болуп жатат.
Израиль армиясы 6-майда Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына кургактыктан чабуул жасап, Газанын дүйнөгө ачылган жалгыз дарбазасы болгон Рафах чек ара капкасын басып алган.
Израилдин Газа тилкесинде 7-октябрдан берки кол салууларында кеминде 16 миң 795и бала, 11 миң 378и аял жалпы 41 миң 272 палестиналык каза болуп, 95 миң 551 киши жараланды.
Урандылардын астында дагы деле миңдеген өлүктөрдүн бар экени билдирилсе, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.