Израилдин башкы штабынын төрагасы "түндүктө согуш планын" бекитти
Ливандык жетекчилер окуя тууралуу Израилдин жооптуу экендигин айтып, Израилден бул тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Израилдин башкы штабынын төрагасы Герзи Халевинин «согушту улантуу үчүн түндүктөгү согуш пландарын бекиткендиги» жарыяланды. Израиль армиясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда Халеви согушту улантуу үчүн түндүктөгү согуш пландарын бекитти.
Ливанда 17 - сентябрда Хизбуллах мүчөлөрү колдонгон пейджерлерде бир убакта жарылуулар болду. Жарылууларда экөөсү бала болгон 12 киши каза болуп, жүздөгөн киши жаракат алды. 18 - сентябрда да көп сандаган рациянын жарылышы менен 25 киши каза болуп, жүздөгөн киши жаракат алды.
Ливандык жетекчилер окуя тууралуу Израилдин жооптуу экендигин айтып, Израилден бул тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Тектеш кабарлар
Израиль Ливандын борбор шаары Бейрутка сокку урду
Кол салууда бир имарат толугу менен урап 20 киши каза болду.