Пакистан Ливандагы пейджерлердин жана рациялардын жарылышын айыптаганын билдирди

Ливандын ар кайсы аймактарында пейджерлердин жана рациялардын жарылышынын натыйжасында каза болгондордун саны 37ге жетти.

2189362
Пакистан Ливандагы пейджерлердин жана рациялардын жарылышын айыптаганын билдирди

Пакистан Ливандагы пейджерлердин жана рациялардын жарылышын айыптаганын билдирди. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Зехра Белуч басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Ливандагы кол салууларды айыптады. Террордук кол салуулардын Израилдин аймактагы «коркунучтуу авантюризминин» чагылуусу экенин жактаган Белуч: «Чет өлкөлөрдө кибер жана электрондук каражаттардын террордук максатта колдонулушу айыпталышы керек»,-деди. Пакистандын Ливандын эгемендүүлүгүн колдой турганын кайталаган Белуч эл аралык коомчулукту Израилди эл аралык мыйзамдарды бузган жүрүм-туруму үчүн жоопко тартуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Циен да борбор шаар Пекинде өткөрүлгөн күнүмдүк маалымат жыйынында кол салуулардын аймактагы чыңалууну дагы да күчөтөөрүнөн тынчсыздангандыгын билдирди.

Ливандын ар кайсы аймактарында пейджерлердин жана рациялардын жарылышынын натыйжасында каза болгондордун саны 37ге жеткени билдирилди.



Тектеш кабарлар