Ливанда бул жолу рациялар жардырылды...
Кечээ кечинде өлкөнүн борбору Бейрут жана ар кайсы аймактарында Хизбуллах колдонгон рацияларынын жарылышынан улам 20 киши каза болуп, 450 киши жаракат алды, айрым үйлөр менен унаалар өрттөнүп кетти.
Ливанда бул жолу рациялар жардырылды...
Кечээ кечинде өлкөнүн борбору Бейрут жана ар кайсы аймактарында Хизбуллах колдонгон рацияларынын жарылышынан улам 20 киши каза болуп, 450 киши жаракат алды, айрым үйлөр менен унаалар өрттөнүп кетти.
Жардыруулардын бири мурунку күнкү чакыруу түзмөгүнө болгон чабуулунда каза болгондор үчүн өткөрүлгөн жаназа зыйнаты учурунда болду.
Ошол эле учурда, Ливандын расмий NNA агенттигинин кабарына ылайык, Израиль Сур шаарынын айыл аймагындагы бир үйгө абадан чабуулун жасады.
Чабуулдун натыйжасында бир аял каза болуп, Израилдин аба каражаттары аймакта тынымсыз учуп жүргөндүгү билдирилди.
Хизбуллахтын жогорку кызмат адамдарынын бири Хашем Сафиеддин «жаңы (чабуул) этабына» туш болгондугун белгилеп, «мунун сөзсүз жазасы болот» деди.
Булактар Хизбуллахтын рацияларды беш ай мурун, мурунку күнү жарылган чакыруу түзмөктөрү менен бирге сатып алгандыгын билдирүүдө.
Мурунку күнкү чакыруу түзмөктөрүнүн жарылуусунда 2си бала 12 киши каза болуп, болжол менен 3 миң киши жаракат алган.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.