БУУ : "Газадагы адамдар эки күндө бир тамак жеп жатат"
Израиль армиясынын 11 айдан ашуун убакыттан бери кол салууларын улантып жаткан Газада элдин орточо эки күндө бир маал тамак жеп жаткандыгы белгиленди.
Израиль армиясынын 11 айдан ашуун убакыттан бери кол салууларын улантып жаткан Газада элдин орточо эки күндө бир маал тамак жеп жаткандыгы белгиленди.
БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам агенттигинен Израиль кол салууларынан улам жер которгон палестиналыктардын саны 2 миллионго чыккан Газада элдин тамак - аш муктаждыгына байланыштуу билдирүү жасалды.
Муктаждык болгон тамак - аш жардамынын 83 пайызынын Газа тилкесине жеткириле албагандыгына басым жасалган билдирүүдө : "Газада адамдар орточо ар бир эки күндө бир маал тамак жеп жатат",- деп айтылды.
UNRWA жана өнөктөштөрү уюштурган иш - чараларда жетерсиз тамактануунун таасирин азайтуу үчүн балдарга жогорку энергиялуу печеньелерди таратканы белгиленди.
Израиль армиясынын 7 - октябрдан бери кол салуулар уланып жаткан Газа тилкесинде гуманитардык апаат болууда.
Израилдин чектөөлөрүнүн улам Газада бир топ киши азык - түлүк, суу, гигиена материалдары жана баш калкалай турган жер сыяктуу негизги муктаждыктарга жете албай жатат.