АКШ: «Ливандагы жардырууларга биздин эч кандай тиешебиз жок»
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча байланыш кеңешчиси Жон Кирби күнүмдүк маалымат жыйынында Ливандагы жардырууларга байланыштуу акыркы абалга баа берди.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Ливандагы Хизбуллах мүчөлөрүнүн байланыш аппараттары жардырылып, Ливан бийлиги Израилди күнөөлөгөн кол салууларга эч кандай тиешеси жок экенин, ким жооптуу экени боюнча комментарий бербей турганын билдирди.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча байланыш кеңешчиси Жон Кирби күнүмдүк маалымат жыйынында Ливандагы жардырууларга байланыштуу акыркы абалга баа берди.
Жон Кирби АКШ администрациясынын Ливандагы мурдагы жана кечээки кол салууларга байланыштуу «комментарий жок» мамилесин улантты.
«Мунун артында Израил турганын ырастай аласызбы?» деген суроого Кирби: «Мен муну эле айта алам: Тигил же бул болгон окуяга биздин эч кандай тиешебиз жок. Мындан башка бөлүшө турган эч нерсем жок", - деп жооп берди.
Кирби Израилдин коргоо министри Йоав Галланттын окуяга байланыштуу «Бул жаңы согуш этабы» деген сөзү эске салынганда эч кандай баа бербестигин кайталады.
Мындай кол салуулар аймактагы чыңалууну дагы да арттырабы деген суроолорго жооп берген Кирби, жалпы аймакта чыңалуунун күчөшүн каалабагандарын, бирок бул окуялар тууралуу конкреттүү бир жыйынтык чыгарбай турганын айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча байланыш кеңешчиси Кирби: «Биз дагы эле Ливандын чек арасынан экинчи фронттун ачылышына жол бербөө үчүн катуу дипломатия менен алектенип жатабыз. Бул кризисте турган учурда процессти чечүү кошумча аскерий операциялар эмес»,-деди.
Чакыруу түзмөктөрү жана рациялардын жардырылышы
Шейшембиде Ливанда Хизбулла элементтери колдонгон чакыруу түзмөктөрүндө бир убакта жарылуулар болду.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жардыруулардын натыйжасында 12 киши, анын ичинде 2 бала каза болгонун, 300ү оор 2800дөй кишинин жараланганын билдирди.
Кечээ да өлкөдө рациялардын жарылуусунан 20 адам каза болуп, 450дөн ашуун адам жарадар болгону кабарланган.
Окуялар үчүн Ливан бийликтери жооптуу деп эсептеген Израилден азырынча эч кандай билдирүү боло элек.