Орусия: "Украина түн ичинде 54 дрон менен аймагыбызга кол салды"
Орусиянын абадан коргонуу системаларынын жалпы 54 учкучсуз учуучу аппаратты зыянсыздандырганы кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын түн ичинде орус аймагына 54 учкучсуз учуучу аппарат менен кол салганын билдирди.
Кол салууга байланыштуу министрликтин билдирүүсүндө: «Кечээ түнү Киев режиминин учак тибиндеги учкучсуз аппараттарды колдонуу менен Орусия Федерациясынын аймагындагы объектилерге террордук кол салуу аракетине бөгөт коюлду»,-деп кабарланды.
Билдирүүдө Орусиянын абадан коргонуу системаларынын жалпы 54 учкучсуз учуучу аппаратты зыянсыздандырганы, Курск облусунда 27, Брянск облусунда 16, Смоленск облусунда 7, Белгород облусунда 3 жана Орел облусунда 1 учкучсуз аппараттын атып түшүрүлгөнү белгиленди.
Бир тараптан Тверь облусунун администрациясынан берилген маалыматка караганда, Торопец шаарында кулаган учкучсуз учуучу аппараттын калдыктарын жана анын натыйжасында чыккан өрттү өчүрүү аракеттери уланууда.
Тверь облусунун губернатору Игорь Руденя, Орусиянын аймагына карай дрон кол салууларынын Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн коргонуу системалары тарабынан алдын алынганын жана учкучсуз аппараттар түшкөн жерлерде өрт чыкканын билдирди. Өрт чыккан аймакта жашаган адамдардын эвакуацияланганын айткан Руденя, өчүрүү иштеринин уланып жатканын маалымдады.
Руденя эвакуацияланган жарандарды убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырууну жана жардамдарды уюштурууну тапшырды.
Тектеш кабарлар
Tesla 2 миң 431 унаасын чакыртып алды
Билдирүүдө 2 миң 431 унаанын инвертордогу бузулуулардан улам кайра чакыртылып алынганы белгиленди.
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газа тилкесине 405 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.