Ливанда дагы жардыруу болду

Кечээ Ливандагы болгон чакыруу аппаратынын жарылууларында  3 миң Хизбуллах мүчөсү жараланып, Хизбуллах бүгүн жооп катары Израилдин казармаларына кол салды.

2188881
Ливанда дагы жардыруу болду

Ливандагы куралдуу топ Хизбуллах колдонгон рациаялардын бүгүн түштөн кийин өлкөнүн түштүгү менен борбор шаар Бейруттун түштүк жактарында жарылуусу менен каза болгон жана жаралангандардын бар экендиги билдирилди. 

Бир коопсуздук булагы жана бир көргөн күбөнүн айтканына караганда Хизбуллах мүчөлөрүнүн рациялары жарылды. Булактар Хизбуллахтын рацияларын беш ай мурда чакыруу аппараттарын сатып алган мезгилде алгандыгын белгилешти. 

Бейруттун түштүк жактарында кеминде  эки жарылуу үнү жана тез жардам унаасынын үндөрү угулду. 

Болгон жарылуулардын бири Хизбуллахтын кечээ жалпы өлкөдө колдонгон миңдеген чакыруу аппараттарынын жарылуусунда каза болгондор үчүн өткөрүлгөн жаназа зыйнатына жакын  жерде болду.   

Бүгүнкү жарылуудан кийин Хизбуллахтын жогорку мартабалуу жооптуусу Хасем Сафиеддине группанын "жаңы бир чабуул баскычы" менен бетме  - бет экендигин белгилеп, "бул эч жазасыз калбайт" деди. 

Кечээ Ливандагы болгон чакыруу аппаратынын жарылууларында  3 миң Хизбуллах мүчөсү жараланып, Хизбуллах бүгүн жооп катары Израилдин казармаларына кол салды. 

 



Тектеш кабарлар