Ливанда бул жолу рациялар жарылды
Жарылуулардын бири кечээки пейжердик чабуулда каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда болду.
Өлкөнүн борбору Бейрут жана ар кайсы аймактарда Хизбуллах колдонгон рациялардын жарылышынын натыйжасында алгачкы маалыматтарга караганда 3 киши каза болуп, жүздөгөн киши жараланды, кээ бир үйлөрдө жана унааларда өрт чыкты.
Жарылуулардын бири кечээки пейжердик чабуулда каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда болду.
Хезбуллахтын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири Хашем Сафиеддин «жаңы (чабуул) баскычы» менен бетме - бет экендерин белгилеп : «Мунун сөзсүз жазасы болот»,- деди.
Булактардын айтымында, кечээ жардырылган пейджерлер менен бирге рацияларды Хизбуллах беш ай мурун сатып алган.
Кечээки пейджер жарылууларында араларында 2 бала болгон 12 адам каза болу, 3 миңге жакын адам жаракат алган.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 41 миң 802ге жетти
Израилдин Газага 364 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.