Путин аскер санын көбөйттү
Жарлык 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.
2187873
Орусиянын президенти Владимир Путин, орус армиясындагы аскер санын болжол менен 180 миң кишиге көбөйтүп жалпы аскер кызматкерлеринин санын 2 миллион 389 миңден ашырган жарлыкка кол койду.
Путин кол койгон жана Орусиянын мамлекеттик маалымат системасында жарыяланган жарлыкка ылайык, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн персонал саны 2 миллион 389 миң 130 киши, анын ичинде 1 миллион 500 миңи аскер экени белгиленди.
Жарлык 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.
Путин 2023-жылдын декабрь айында кол койгон жарлык менен орус армиясындагы кызматкер санын 1 миллион 320 миңи аскер жалпы 2 миллион 209 миң 130га жеткирген.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.