Мета орус медиа уюмдарынын айрымдарына тыюу салды

Америкалык басма сөздөгү кабарларга ылайык, Meta орус медиасына тыюу салуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу билдирүү жасады.

2188327
Мета орус медиа уюмдарынын айрымдарына тыюу салды

Социалдык медиа платформалары Facebook жана Instagram'дын ээси Meta, "тышкы кийлигишүү иш-аракеттерин" көрсөткөндүктөрүнө байланыштуу Россия Сегодня маалымат агенттиги жана мамлекеттик RT каналы кошо айрым орус медиа уюмдарын өз платформаларынан тыюу салганын билдирди.

Америкалык басма сөздөгү кабарларга ылайык, Meta орус медиасына тыюу салуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө: "Кылдат баалоодон кийин орус мамлекеттик медиа уюмдарына каршы улантылып жаткан санкцияларыбызды кеңейттик. Россия Сегодня, RT жана аларга байланыштуу уюмдар тышкы кийлигишүү иш-аракеттерине байланыштуу биздин тиркемелерибизден дүйнө жүзү боюнча тыюу салынды" деп айтылды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Адилет министрлиги 4-сентябрда жасаган билдирүүсүндө, арасында RT да бар Россияга байланыштуу айрым медиа уюмдары менен социалдык медиа платформаларын 5-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого кийлигишүүгө аракет кылууда деп айыптап, ушул алкакта санкцияларды жарыялаган.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да 13-сентябрда чет өлкөлөрдө "туруксуздаштыруучу" иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү жана Украинадагы согушта Москва бийлигине олуттуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн орус мамлекеттик RT каналына байланыштуу 3 мекеме менен 2 адамга карата санкция чечими кабыл алынганын жарыялаган.

АКШнын чалгын кызматы өлкөдө 2016-жылы өткөрүлгөн президенттик шайлоого Орусиянын RT жана башка медиа мекемелери аркылуу кийлигишүүгө аракет кылган деген жыйынтыкка келген, ал эми Москва шайлоого кийлигишүү боюнча айыптоолорду четке каккан.



Тектеш кабарлар