Мьянмада болгон "Яги" тайфунунда 226 киши каза болду
Мьянманын аскердик өкмөтүнүн лидери генерал Мин Аунг Хлаинг жана башка аскердик жетекчилердин коштоосунда тайфундан жабыркаган аймактарды кыдырып, куткаруу, жардам жана калыбына келтирүү иштерин текшерди.
Мьянмада «Яги» тайфуну себеп болгон катуу жамгырдын натыйжасында болгон сел жана жер көчкү жүрүп, каза болгондордун саны 226га жетти.
Би-Би-Синин маалыматына караганда, Вьетнам, Лаос жана Таиланддын түндүгүн каптаган жана чоң зыянга учураткан «Яги» тайфуну Мьянмадагы күнүмдүк турмушка да терс таасирин тийгизди.
Мьянмадагы хунта башкаруусу «Яги» тайфуну себеп болгон катуу жамгырдын натыйжасында пайда болгон сел жана жер көчкүдө 226 кишинин каза болгонун, 80ге жакын кишинин азыр да дайынсыз экендигин жарыялады.
Чыгыш Шан штатындагы көптөгөн кыштактарды, ошондой эле Мандалай жана Баго аймактарынын борбордук бөлүктөрүн суу каптап, жүз миңдеген гектар айдоо жерлеринин зыян тарткандыгы кабарланды.
Кошумчалай кетсек, Мон, Кая жана Кайын облустары да тайфундан олуттуу жабыркады.
Бириккен Улуттар Уюму тайфундан жапа чеккен өлкөдө 500 миңден ашуун кишинин тамак-аш, ичүүчү суу, баш калкалоочу жай жана кийим-кечеге чукул муктаж экендигин билдирди.
Мьянманын аскердик өкмөтүнүн лидери генерал Мин Аунг Хлаинг жана башка аскердик жетекчилердин коштоосунда тайфундан жабыркаган аймактарды кыдырып, куткаруу, жардам жана калыбына келтирүү иштерин текшерди.