Япониянын улгайган калкынын санында өсүш

100 жаштан ашкандардын саны катары менен 54 жыл бою өсүп жатат.

2188325
Япониянын улгайган калкынын санында өсүш

Япониядагы улгайган калктын саны тез өсүүдө.

Саламаттык сактоо, эмгек жана жыргалчылык министрлиги тарабынан жарыяланган маалыматтарга ылайык, 100 жаштан ашкандардын саны катары менен 54 жыл бою өсүп жатат.

Сентябрь айына карата 100 жаштан ашкан калктын саны биринчи жолу 95 миңден ашып, 95 миң 119 адамга жетти. Өткөн жылдын маалыматтары менен салыштырганда бул сан 2 миң 980 адамга көбөйдү. 100 жаштан ашкандардын 83 миң 958и аялдар, 11 миң 161и эркектер.

Япония дүйнө жүзүндө эң узак өмүр сүргөн өлкөлөрдүн бири катары көңүл бурууда.

"Өмүрүнүн узактыгы бир кылымдан ашкандар" боюнча көрсөткүчтөр өлкөдө биринчи жолу 1963-жылы каттала баштаган. Учурдагы эң улгайган адам 116 жаштагы Итоока Томико да Японияда жашайт.



Тектеш кабарлар