ДССУ Судандагы абалдын "трагедиялуу" экендигин айтты
Гебрейесус Судандагы гуманитардык кырдаалга байланыштуу Xтен билдирүү жарыялады.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус жарандык согуш жүрүп жаткан Судандагы кыйроонун, өлүмдүн, жер которуунун жана оорулардын деңгээлинин "трагедиялуу" экендигин билдирди.
Гебрейесус Судандагы гуманитардык кырдаалга байланыштуу Xтен билдирүү жарыялады.
"Судандагы кыйроонун, өлүмдүн, жер которуунун жана оорунун деңгээли трагедиялуу",- деген Гебрейесус кечээ Чад жана Судан чек арасындагы Адре чек ара капкасында медициналык материалдарды Суданга тапшырууга катышканын айтты.
Гебрейесус : «Судандагы адамдарды дарылоо үчүн эч бир жардам жетерлик эме. Аларга тынчтык керек»,-деди.
Суданда Өмер аль - Баширдин 30 жылдык башкаруусу элдик козголоң менен кулатылгандан кийин жарандардын катышуусу менен түзүлгөн өкмөткө каршы биргелешкен төңкөрүш жасаган армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосундагы бийлик күрөшү 17 айдан бери тынымсыз уланды. Согушту токтотуу үчүн башталган тынчтык демилгелери ийгиликсиз болду.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө эң көп жер которуу жана ачарчылык өкүм сүргөн Судандагы кагылышуулардын натыйжасында 20 миңден ашуун адам каза болуп, 10 миллиондон ашуун адам жер которду жана 25 миллиондон ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж болуп жатат.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.