АКШ аскерлери Нигерден чегинди
Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министрлиги (Пентагон) америкалык аскерлердин Нигерден чыгууну аяктагандыгын жарыялады.
Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министрлиги (Пентагон) америкалык аскерлердин Нигерден чыгууну аяктагандыгын жарыялады.
Пентагондун басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх басма сөзгө берген маалыматында 19 - майда Нигерден чыга баштаган АКШ армиясынын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.
Сингх АКШ менен Нигериянын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы кызматташтык жана байланыштын жардамы менен Нигерден чыгуунун макулдашылгандай 15-сентябрда коопсуз жана маселесиз аяктагандыгын айтты.
Нигер АКШ менен 12 жыл мурда кол коюлган аскердик кызматташтык келишимин 17 - мартта токтотконун жарыялап, америкалык аскерлердин өлкөдөн тез арада чыгып кетишин талап кылган.
АКШ аскерлеринин эң кеч 15 - сентябрга чейин Нигерден толугу менен чыгарыларын жарыялаган болчу.