Аббас Испанияга барат

Аббастын Мадридде премьер-министр Педро Санчес менен жолугуша турганы билдирилди.

2188157
Аббас Испанияга барат

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас эртең Испаниянын борбор шаары Мадридге барат.

Испания тарабынан 28-майда расмий түрдө таанылган Палестинанын Мадриддеги алгачкы элчиси болгон Хүснү Абдулвахид парламенттик монархия башкарган өлкөдө король Фелипп VIга ишеним грамотасын тапшырды.

Элчи Абдулвахид андан соң басма сөзгө берген билдирүүсүндө, Испания Палестина мамлекетин тааныгандан кийин президент Махмуд Аббастын 18-сентябрда бул өлкөгө биринчи сапарын жасай турганын кабарлады.  

2022-жылдан бери Испанияда элчилик кызматын аркалаган, бирок бул жолу Испания Палестинаны тааныгандан кийин король Фелипп VIнын алдына ишеним грамотасы менен чыккан Абдулвахид: «Испания менен Палестинанын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар туура жолдо өнүгүп жатат. Бул бир гана тынчтыкты жана бардыгына пайда алып келе турган саясий чечимди жактаган жол»,- деди.

Палестинага тынымсыз жана шартсыз колдоосу үчүн Испанияга ыраазычылык билдирген элчи Абдулвахид: «Испания бактыга жараша геноцид кылган Израиль мамлекетине өлтүрүү уруксатын берген башкалардын тузагына түшкөн жок»,-деди.

Элчи Абдулвахид, Аббастын Мадридде премьер-министр Педро Санчес менен жолугуша турганын айтты.

Испания Палестинаны тааныгандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы биринчи өкмөттөр аралык саммиттин жыл аягына чейин өткөрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар