Португалия Евробиримдиктен жардам сурады
Түндүктөгү Север-ду-Вуга, Альбергария-а-Вальха жана Авейро сыяктуу Порто шаарына жакын калктуу конуштарда дем алыштан бери уланып жаткан токой өрттөрү карапайым калкты коркута баштады.
Португалия өкмөтү, өлкөнүн түндүгүндөгү Порто шаарынын айланасында чыккан токой өрттөрүнө байланыштуу Европа Биримдигинен (ЕБ) жардам сурады.
Португалиянын өкмөт өкүлдөрү, өрт коркунучу абдан жогору болгондуктан өлкөнүн бардык аймактарында коңгуроо кагылгандан кийин ЕБден жардам сурашкандарын жарыялашты. Жетекчилер Европанын жарандык коргонуу механизминин ишке киргизилгенин кабарлашты.
Түндүктөгү Север-ду-Вуга, Альбергария-а-Вальха жана Авейро сыяктуу Порто шаарына жакын калктуу конуштарда дем алыштан бери уланып жаткан токой өрттөрү карапайым калкты коркута баштады.
Өрт кээ бир жерлерде үйлөргө жайылып кеткендиктен Брандао Гомес жана Крузинья сыяктуу кичинекей жерлерде адамдардын үйлөрүнөн эвакуацияланганы, аймактагы мектептердин да жабылганы маалымдалды.
Үч автожол кыймылга жабылган Авейро аймагында 160 кургактык унаа жана 4 учактын колдоосу менен 500дөн ашуун өрт өчүрүүчүнүн ишин улантканы билдирилди.