Хамас Израилдин пашпаанек алуу үчүн кайрылган качкындарды пайдалануу аракетин сынга алды
Хамас Израиль армиясынын африкалык качкындарды Газада согушууга мажбурлап жатканы тууралуу Израиль медиасында чыккан кабарга байланыштуу билдирүү жасады.
Хамас Израилдин африкалык качкындардын башпаанек алуу өтүнүчтөрүн бекитүү үчүн Газада согушууга тартуусун «Израиль армиясынын Палестинанын каршылыгынан тарткан чоң жоготууларынын ордун толтуруу аракети» деп мүнөздөдү.
Хамас Израиль армиясынын африкалык качкындарды Газада согушууга мажбурлап жатканы тууралуу Израиль медиасында чыккан кабарга байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө: «Израилдин африкалык качкындардын башпаанек өтүнүчтөрүн бекитүү үчүн Газада согушуу үчүн жалдоосу башынан кечирип жаткан терең моралдык кризисти ырастайт»,-деп баса белгиленди.
Билдирүүдө Израилдин качкындардын абалын кыянаттык менен пайдалануу менен адам укуктарын тебелегени баса белгиленип, «Израиль Палестинанын каршылыгынан тарткан чоң жоготууларынын ордун толтурууга аракет кылууда» деген сөздөр камтылган.
Билдирүүдө эл аралык коомчулук жана адам укуктары уюмдарына кайрылып, Израилдин эл аралык укукка жана эл аралык гуманитардык укукка каршы иш-аракеттерине каршы чара көрүүгө чакырды.
Haaretz гезити Израилдин африкалык башпаанек издегендердин арыздарын «Газада согушуу» ордуна кабыл алганын жазды.
Учурда Израилде 30 миңге жакын африкалык качкындар болсо, алардын көбү жаштар, алардын 3500гө жакыны Израиль бийликтери алардын башпаанек берүү өтүнүчтөрүн карап чыкпаганы жана чечпегени үчүн сот тарабынан убактылуу статуска ээ болгон Судан жарандары.
Көптөгөн качкындардын 7-октябрдан кийин айыл чарба иштеринде жана жарандык башкаруу борборлорунда өз ыктыяры менен иштей баштаганы белгиленип, «Израиль армиясынын жооптуу кызматкерлери бул качкындардын өлкөдө туруктуу статуска ээ болуу каалоосун Газада согушууга шыктандыруу катары пайдалана аларын түшүнүшкөнүн» жазган.
Аты аталбаган африкалык качкын, израилдик аткаминер ага «Газада согушса, Израилде жашоо макамын ала аларын» айтканын жана документинин көчүрмөсүн сурап «бул маселелерди өзү чечээрин» айтканын билдирген.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.