Трамп Түндүк Корея жана Иран тууралуу "көптөгөн маселелерди" телефон аркылу чече аларын айтты

Лос - Анжелесте өткөргөн  пресс - конференцияда Трампка   шайлана турган болсо, АКШнын потенциалдуу душмандарына карата мамилеси тууралуу суроо берилди.

2187262
Трамп Түндүк Корея жана Иран тууралуу "көптөгөн маселелерди" телефон аркылу чече аларын айтты

АКШнын мурдагы президенти жана Республикачыл партиянын  2024 -  жылдагы президентикке талапкери Дональд Трамп Түндүк Корея жана Иран тууралуу "көптөгөн маселелерди" телефон аркылуу сүйлөшүү жана жекеме  - жеке сүйлөшүү аркылуу чече аларын айтты. 

Лос - Анжелесте өткөргөн  пресс - конференцияда Трампка   шайлана турган болсо, АКШнын потенциалдуу душмандарына карата мамилеси тууралуу суроо берилди.

"Түндүк Кореянын жаңы атомдук объектилери" жана "Ирандын Россияга ракета бергени" тууралуу сөздөргө токтолгон Трамп "көптөгөн маселени" телефон аркылуу сүйлөшүү жана жекеме  - жеке сүйлөшүүлөр менен чече аларын айтты.

АКШнын мурдагы президенти : "Телефон аркылуу сүйлөшө аламын жана маселелердин көпчүлүгүн чече аламын. Негизинен бир канча жолу сүйлөшүүм да керек",- деди. 

Аптанын  ичинде АКШнын вице - президенти жана демократтардын президенттикке талапкери Камала Харрис менен өткөргөн дебатта  колдонгон сөздөрүн кайталаган Трамп Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбандын өзүнө "Баарынын Трамптан корккондугун" айтканын белгилеп : "Кытайдын, Россиянын,  Түндүк Кореянын корккондугун айтты",- деди. 

 



Тектеш кабарлар