Папа : "Мектептин бомбаланышы коркунучтуу"

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти, Рим папасы Франциск Израилдин кол салуусу астында Газа тилкесиндеги мектепти жардырууну «коркунучтуу окуя» деп билдирди.

2187220
Папа : "Мектептин бомбаланышы коркунучтуу"

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти, Рим папасы Франциск Израилдин кол салуусу астында Газа тилкесиндеги мектепти жардырууну «коркунучтуу окуя» деп билдирди.

Индонезия, Папуа - Жаңы Гвинея, Чыгыш Тимор жана Сингапурду камтыган 12 күндүк Түштүк-Чыгыш Азия турнесин бүгүн аяктаган Рим папасы Франциск сапарынын акыркы этабында Сингапурдан Римге кайтып келе жатып  учактагы  журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Израилдин Газада мектептерди бутага алганына токтолгон Папа : "Бул согуш абдан кандуу болдубу деп айта албаймын бирок өлтүрүлгөн балдардын  денесин көрүү, ичинде бир нече партизандын бар экендигин  ойлоо менен бир мектептин бомбалангандыгын угуу коркунучтуу нерсе",- деди. 

Газада ок атышпоого карата сүйлөшүүлөргө да баа берген Папа : "Айрым учурларда мунун коргонуу максатындагы бир согуш экендигин айтышууда бирок мен мунун согуш экендигине ишенип жатам. Мынтип айтканым үчүн капа болбогула бирок тынчтык үчүн кадам ташталгандыгын айта албаймын",- деди. 

Согуштун ар дайым бир жеңилүү экендигин айткан католиктердин руханий лидери Иорданиянын королу  2 -  Абдуллахка да бул тууралуу жасагандарына ыраазычылык билдиргенин белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар