Израилдин кол салуусунда 12 киши каза болду
Израиль армиясы Газа тилкесинде жер которгон адамдар жашаган үй жана чатырды бутага алып көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон 12 киши каза болду.
Израиль армиясы Газа тилкесинде жер которгон адамдар жашаган үй жана чатырды бутага алып көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон 12 киши каза болду.
Израиль армиясынын аскердик учактары Газа шаарынын Эт-Туффа аймагындагы бир үйдү бутага алды.
Израиль армиясынын бул кол салуусунда 4 бала жана 3 аял болгон 11 палестиналык каза болду.
Кол салууда үй дээрлик толугу менен талкаланып, тегеректеги үйлөргө да зыян келтирилди.
Израиль армиясы Хан Юнус шаарынын батышындагы Аль - Меваси аймагында палестиналыктар жаткан чатырды бутага алды.
Израилдин кол салуусунда 1 палестиналык каза болуп, 6 палестиналык жараланды.
Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде 16 миң 715 бала, 11 миң 308 аял болгон жалпы 41 миң 118 палестиналык каза болуп, 95 миң 125 киши жараланды.
Урандылардын астында дагы миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана мектептер бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.
Тектеш кабарлар
Израилдин Бейрутка жаңы аба чабуулу
Бейруттун Дахие району дагы бир жолу израилдик абадан сокку урууга учурады.