Иран космоско изилдөө спутнигин учурду
ИРНАнын маалыматына караганда, өлкөдө өндүрүлгөн «Чемран-1» аттуу изилдөө спутниги Каим-100 спутник ташуучу ракетасы менен учурулду.
Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, өлкөдө өндүрүлгөн «Чемран-1» аттуу изилдөө спутниги Каим-100 спутник ташуучу ракетасы менен учурулду.
Салмагы болжол менен 60 килограмм болгон изилдөө спутниги 550 километр аралыкка ийгиликтүү жайгаштырылды.
Төңкөрүш Гвардиясы армиясына таандык Каим - 100 аттуу спутник алып жүрүүчү ракетанын 2022 - жылдын ноябрь айында суборбиталдык сыноо учуусун ийгиликтүү аяктагандыгы билдирилди.
Америка Кошмо Штаттары жана батыштык союздаштары Ирандын баллистикалык ракеталык аракеттеринин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2231 резолюциясына карама - каршы келгендигин, Ирандын "Жакынкы Чыгыш менен Европага коркунуч туудурган континенттер аралык баллистикалык ракета программасын спутниктик аракеттеринин артына жашырып жаткандыгын" айтышууда.
Тегеран болсо өнүкүрүлгөн ракеталардын конвенциялык экенин жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өзөктүк келишимди колдогон 2231 чечимине туура келгенин жактоодо.
Иран январь айында да "Суреййа" аттуу алыстан зонддоо спутнигин учуруп, аны 750 километр аралыктагы орбитага ийгиликтүү жайгаштырганын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Дүйнө Палестина үчүн аянттарда
Миңдеген адамдар Палестинаны жана Ливанды колдоо үчүн аянттарга чогулушту.
АКШ бул ирет "Милтон" бороонуна даярданып жатат
Флоридада 2017-жылдан берки эң чоң эвакуация операциясынын жүргүзүлүшү пландалууда.