АКШнын президенти Жо Байден Россия - Украина согушунда Украинанын жеңип чыгарын айтты
Жо Байден Британиянын премьер - министри Кир Стармерди Ак үйдө кабыл алды.
АКШнын президенти Жо Байден Россия - Украина согушунда Украинанын жеңип чыгары тууралуу оюн билдирди.
Жо Байден Британиянын премьер - министри Кир Стармерди Ак үйдө кабыл алды. Эки лидер Украинага толук колдоо көрсөтүү менен бирге Москваны да коркутушту.
Байден жолугушуунун алдында басма сөзгө кыскача билдирүү жасады.
"Украина өзүн Россиянын агрессиясына каршы коргоого аракет кылып, АКШ да Британия менен бирдикте Украинага колдоо берди. Согуштан Путиндин жеңилери ачык, Украина жеңиш менен чыгат",- деди Байден.
Путиндин "АКШ менен Россиянын ортосунда чыга турган кагылышуу ыктымалына" байланыштуу сөздөрү тууралуу суроого Байден : "Владимир Путин тууралуу ойлобоймун",- деп жооп берди.
Израилдин Газадагы кол салуулары улантылып, ыктымалдуу ок атышпоо процессин да сүйлөшө тургандарын айткан АКШнын президенти : "Жакынкы Чыгышта Хамастын колундагы туткундардын бошотулушу, чукул түрдө ок атышуунун токтотулушу жана Газага гуманитардык жардамдарды көбөйтүүгө байланыштуу иштерибизди да карап чыгабыз",- деди.
Индо-Тынч океан аймагындагы акыркы абалдар тууралуу да сүйлөшө тургандарын белгилеген Байден, Кытайдын аймактагы иш - аракеттерине каршы союздаштары менен кызматташуу түзүшкөндөрүн эч бир ысым атабастан билдирди.