Түштүк Корея Кытай өндүрүшүндөгү камераларды алып салды

Атын атагысы келбеген бир аскер кызматкери, июль айынын аягында аскердик жана чалгындоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө түштүк кореялык фирмадан берилген байкоо камераларынын Кытайда чыгарылганынын аныкталганын айтты.

2187022
Түштүк Корея Кытай өндүрүшүндөгү камераларды алып салды

Түштүк Кореянын армиясы, ар кандай аскердик объектилерде, анын ичинде Түндүк Кореянын чек арасына жакын жайгашкан базаларда колдонулган Кытай өндүрүшүндөгү байкоочу камераларды алып салды.

Йонхаптын кабарына караганда атын атагысы келбеген бир аскер кызматкери, июль айынын аягында аскердик жана чалгындоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө түштүк кореялык фирмадан берилген байкоо камераларынын Кытайда чыгарылганынын аныкталганын айтты.

Кызматкер «Камералар кытай серверине туташып, видеолорду сыртка өткөрүү үчүн жасалганы аныкталды, бирок эч кандай маалымат уурдалган жок»,- деди.

Кытай өндүрүшүндөгү 1300дөн ашуун көзөмөл камерасынын коопсуздук чараларынан улам алынып салынганын маалымдаган кызматкер, алардын ордуна ата мекендик өндүрүштөн жасалган жабдуулар менен алмаштырылганын белгиледи.

Коопсуздук камераларынын Түндүк Кореянын чек арасын байкоо үчүн эмес аскердик машыгуу аянттары жана базалык тосмолор үчүн колдонулганына көңүл буруп, камсыздоочу компаниянын жабдуулардын келип чыккан өлкөсүн жашырган деп шектелип жатканын жана армиянын бул компанияга карата мыйзамдуу чара көрүүнү карап жатканын кабарлады.



Тектеш кабарлар