Түрк дарыгерлеринин ойлоп табуусу

Ракты дарылоодо шишик клеткаларын аныктоого жана бейтаптын өмүрүнүн узактыгын аныктоого жардам бере турган маанилүү ачылыш жасалды.

2186936
Түрк дарыгерлеринин ойлоп табуусу

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) түрк дарыгерлеринин ойлоп табуусу мээнин шишиги менен ооруган бейтаптардын өмүрүнүн узактыгын болжолдоого жардам берет...

Бэйлор Медицина факультетинин нейрохирургия бөлүмүндө изилдөөлөрдү жүргүзгөн ассистент доктор Акдес Серин Харманжы, Техас университетинин окутуучусу Ариф Өзгүн Харманжы сыяктуу түрк илимпоздорунан турган изилдөөчүлөр тобу менен ракты дарылоодо шишик клеткаларын аныктоого жана бейтаптын өмүрүнүн узактыгын аныктоого жардам бере турган маанилүү ачылыш жасагандарын айтты.

Харманжы, борбордук нерв системасынын эң көп кездешүүчү шишиктеринин бири болгон «глиома» боюнча изилдөөлөрүнүн, жашоо узактыгына жана «жеке шишик дарасы» сыяктуу жаңы дарылоо ыкмаларынын табылышына таасир этиши мүмкүн экенин белгиледи.

Харманжы төмөнкү маалыматтарды берди: «Изилдөөлөрүбүздө глиалдык жана нейрондук касиеттери бар клеткалар бейтапта басымдуу болсо, аман калуу натыйжаларынын жакшыраак экенин байкадык. Биздин ачылыш глиома мээ шишиги менен ооруган бейтаптардын аман калышын алдын ала айтууга жана глиоманы дарылоонун жаңы максаттарын табууга жардам берет деп ойлойбуз».

Харманжы изилдөөлөрүндө бейтаптагы молекулярдык өзгөрүүлөргө байкоо сала алгандарын жана мунун негизинде келечекте «жеке шишик дарысынын» иштелип чыгышы мүмкүн экенин айтты.



Тектеш кабарлар