Түндүк Корея «уран байытуу объектиси» тууралуу биринчи жолу коомчулукка маалымат берди

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) билдиргендей, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Ядролук курал институ жана өзөктүк материалдарды өндүрүү базасын текшерди.

2186940
Түндүк Корея «уран байытуу объектиси» тууралуу биринчи жолу коомчулукка маалымат берди

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) билдиргендей, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Өзөктүк курал институ жана өзөктүк материалдарды өндүрүү базасын текшерди.

Ким текшерүү учурунда өзөктүк дүрмөттөрдү жана учурда бар болгон өзөктүк материалдарды өндүрүү тууралуу маалымат алды.

Ким ядролук курал өндүрүү тармагындагы илимпоздорго, техниктерге жана жетекчилерге  өзөктүк өндүрүш планын «кемчиликсиз» аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өндүрүштүк линиялардын жалпы иштеши менен таанышуу үчүн «уран байытуу объектисинин» көзөмөлдөө  бөлмөсүн кыдырып чыкк Ким  иш алып барылган жерди кыдырып чыгуудан  чоң «күч» алгандыгын билдирди.

Ким Түндүк Кореянын өзөктүк энергетика тармагындагы техникалык күчүнөн ыраазы экендигин айтып, өлкөсүнүн "өзүн коргоо үчүн өзөктүк куралдарынын эселенүү менен көбөйүшү" керектигин белгиледи. 

Бул билдирүү менен Түндүк Корея биринчи жолу коомчулукка «уран байытуу объектисин» жарыялады.

Yonhap агенттигинин маалыматына ылайык, Түштүк Корея менен АКШнын  чалгындоо бөлүмдөрү Түндүктүн борбор шаар Пхеньянга жакын жердеги комплексте уран байытуу объектисинин бар экендигине ишенүүдө.

Бир тараптан Түндүк Кореянын 2010 -  жылы АКШлык өзөктүк энергетика боюнча адис Зигфрид Хеккерди уран   байытуу объектисин изилдөө үчүн чакыргандыгы айтылууда.  



Тектеш кабарлар