Орусия менен туткун алмашуу
Зеленский Telegram аккаунтундагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусия менен Украинанын ортосунда дагы бир туткун алмашуунун ишке ашканын маалымдады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусия менен туткундарды алмаштыруунун алкагында 49 украин аскери жана жайкын тургундардын бошотулганын билдирди.
Зеленский Telegram аккаунтундагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусия менен Украинанын ортосунда дагы бир туткун алмашуунун ишке ашканын маалымдады.
Алмашуунун натыйжасында украиналык аскер кызматкерлери жана жарандардан турган жалпысынан 49 адамдын өлкөсүнө алынып келингенин айткан Зеленский: "Туткундарды жана барымтадагыларды орус туткунунан бошотууну камсыз кылгандыгы үчүн бүтүндөй командабызга ыраазычылык билдиргим келет",-деди.
Зеленский бардык украиналык туткундардын үйлөрүнө кайтарылышы керектигин баса белгиледи.
Туткундарды алмаштырууга байланыштуу Орусия тараптан азырынча эч кандай билдирүү жасала элек.