Мексикада зомбулук: 4 аймакта билим берүү токтотулду

Синалоа губернатору Рубен Роча, наркокартелдин зордук-зомбулугуна байланыштуу билдирүү жасады.

2186927
Мексикада зомбулук: 4 аймакта билим берүү токтотулду

Мексиканын Синалоа облусунда наркокартелдин зордук-зомбулугунан кийин 4 аймактагы бардык мектептерде билим берүү токтотулду.

Синалоа губернатору Рубен Роча, наркокартел Синалоанын зордук-зомбулугуна байланыштуу билдирүү жасады.

Роча зордук-зомбулуктан улам Кулиакан, Элота, Косала жана Сан-Игнасиодогу бардык мектептерде билим берүүнүн токтотулганын жарыялады.

Губернатор Роча 16-сентябрда Кулиакан шаарынын борборундагы аянтта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө да тыюу салынганын кабарлады.

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор зомбулукка байланыштуу билдирүүсүндө: «Эки топтун ортосунда кагылышуулар бар. Элдин мындан таасирленбөөсүн жана бири-бири менен кагылышпоосун камсыз кылышыбыз керек»,-деди.

Обрадор белгилегендей, «тынчтыкты сактоо» үчүн провинцияга жетиштүү сандагы коопсуздук күчтөрү тартылат.

Армиянын тиешелүү бөлүмдөр менен координацияда экенин маалымдаган Обрадор, тынчтык жана бейпилдикти камсыз кылуу үчүн жетиштүү жабдылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар