Испаниянын премьер - министри Санчез министрлерди кабыл алды
Испаниянын тышкы иштер министри Жосе Мануэль Албарес мамлекеттик радиосу RNEге маалымат берди.
Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана Араб Лигасы тарабынан түзүлгөн Байланыш тобунун жыйыны үчүн Мадридге барган тышкы иштер министри Хакан Фидан жана кээ бир Европа жана Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүн Испаниянын премьер - министри Педро Санчес кабыл алды.
Мадриддеги кабыл алууда тышкы иштер министри Фидан менен бирге Палестина, Сауд Арабия, Египет, Иордания, Словения, Норвегия жана Испаниянын тышкы иштер министрлери, Катардын мамлекеттик министри Мухаммед Бин Абдулазиз Аль Хулайфи, Европа Биримдигинин тышкы карым - катнаштар жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Араб Лигасынын баш катчысы Ахмед Абул Гейт, Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Хусейн Ибрахим Таха менен Бахрейн, Нигерия жана Ирландиядан жогорку деңгээлдеги өкүлдөр катышты.
Ошол эле учурда Испаниянын мамлекеттик радиосу RNEге маалымат берген Испаниянын тышкы иштер министри Жосе Мануэль Албарес : "Кыска убакытта Палестинада ок атышпоонун жарыяланышын кепилдикк бере турган белгилерди көрө элекпиз, бирок Палестина менен Израилдин эки мамлекеттүү чечим менен тынчтык жана коопсуздукта бирге жашашы үчүн аракеттерибизди улантабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.