Евробиримдиктен Иранга жаңы санкциялар
Боррель социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Иран өндүрүшүндөгү баллистикалык ракеталардын Орусияга өткөрүлүшүн катуу айыптаганын кабарлады.
Европа Биримдигинин (ЕБ) Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Орусияга баллистикалык ракета жана дрондорду бергендигине байланыштуу Иранга жаңы санкцияларды киргизе тургандарын жарыялады.
Боррель социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Иран өндүрүшүндөгү баллистикалык ракеталардын Орусияга өткөрүлүшүн катуу айыптаганын кабарлады.
Мунун Европанын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч экенин белгилеген Боррель: «Ирандын баллистикалык ракета жана учкучсуз учуучу аппарат программаларына каршы жаңы чаралар менен тез жооп беребиз»,-деп айтып жаңы санкция билдирүүсүн берди.
Евробиримдиктин Иранга каршы санкциялары "адам укуктарынын бузулушу, экспансионисттик өзөктүк энергия иш-аракеттери жана Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүсүнөн" улам 2011-жылы күчүнө кирип, 2025-жылдын 13-апрелине чейин узартылган.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.