Газа тилкесинде полиомиелитке каршы эмдөө
Гебреисус 1-12-сентябрь аралыгында Газа тилкесинде жүргүзүлгөн эмдөө акциясы тууралуу X социалдык медиа платформасынан билдирүү бөлүштү.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус Газа тилкесинде "полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгүнүн" биринчи этабында 560 миңден ашуун бала эмделгенин жарыялады.
Гебреисус 1-12-сентябрь аралыгында Газа тилкесинде жүргүзүлгөн эмдөө акциясы тууралуу X социалдык медиа платформасынан билдирүү бөлүштү.
Кечээ аяктаган өнөктүктүн биринчи этабында Газа тилкесинде 10 жашка чейинки 560 миңден ашуун баланын эмделгенин белгилеген Гебреисус, ушул «комплекстүү» операцияны ишке ашырган бардык медициналык топторго ыраазы экенин билдирди.
"Бул акция Газа тилкесиндеги күнүмдүк турмуштун трагедиялуу чындыгында чоң ийгилик болуп саналат" деген Гебреисус эмдөө жүргүзүлгөн аймактарда ок атышпоо менен эмнеге жетише аларына күбө болгондорун айтты.