ДССУ М чечги вирусуна каршы вакцинага уруксат берди
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму M чечеги (mpox) вирусуна каршы алдын ала квалификацияланган биринчи вакцинанын "MVA-BN" экенин жарыялады.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму M чечеги (mpox) вирусуна каршы алдын ала квалификацияланган биринчи вакцинанын "MVA-BN" экенин жарыялады.
ДССУдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Bavarian Nordic чыгарган "MVA-BN" вакцинанын ДСУУнун М чечеги вирусуна каршы квалификация алган вакциналар тизмесине кошулгандыгы маалымдалды.
ДССУга караштуу Иммундаштыруу боюнча Эксперттердин консультативдик тобунун (SAGE) колдогу бардык далилдерди изилдеп чыкканы жана жугузуу ыктымалы жогору болгон кишилер үчүн MVA-BN вакцинасынын колдонулушун сунуш кылгандыгы белгиленген билдирүүдө вакцинанын 18 жаштан жогору адамдарда 4 жума аралык менен 2 дозада берилиши мүмкүн.
Билдирүүдө MVA-BN вакцинасынын азыркы учурда 18 жашка чейинки кишилер үчүн лицензиясынын жок экендиги баса белгиленип, вакцинанын ымыркайларда, балдарда, кош бойлууларда жана иммунитет системасы алсыз адамдарда колдонууга болору баса белгиленди.
Маселени X социалдык медиа платформасында бөлүшкөн ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус мунун Африкадагы учурдагы эпидемиялар жана келечектеги оору менен күрөшүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Израилдин Бейрутка жаңы аба чабуулу
Бейруттун Дахие району дагы бир жолу израилдик абадан сокку урууга учурады.