АКШ Израилге аскердик техника сатууда
Жабдуулардын сатылышына Мамлекеттик департамент тарабынан уруксат берилгени айтылды.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаменти, Израилге 164,6 миллион долларлык аскердик тармакта колдонула турган оор жүк ташуучу танка чиркегичтерин жана ага тиешелүү жабдууларды сатууга уруксат берди.
Коргоо Коопсуздук Кызматташтыгы Агенттигинин билдирүүсүндө, Израиль өкмөтүнүн талабы боюнча жалпы баасы 164,6 миллион долларды түзгөн оор жүк ташуучу танка чиркегичтери жана ага тиешелүү жабдуулардын сатылышына Мамлекеттик департамент тарабынан уруксат берилгени белгиленди.
Билдирүүдө бул бекитүүнү Конгресске кабарлаган керектүү күбөлүктүн жөнөтүлгөнү айтылды.
Жеткирүүлөрдүн 2027-жылы башталаары болжолдонуп, сатуунун оор жүктөгү танк чиркегичи, ошондой эле запастык жана оңдоо бөлүктөрү, шаймандар жана айдоочу комплекттери, техникалык документтер жана логистикалык программага колдоо көрсөтүү сыяктуу элеметтерди камтыганы маалымдалды.
Израилге бул сатуунун бекитилишинин, басылып алынган Батыш Шериада түрк-америкалык активист Айшенур Эзги Эйгинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу көз карандысыз иликтөөнүн башталышы жана Израилге аскердик жардамдын токтотулушу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан убакта болгондугу көңүлдөрдү бурду.