Зеленский: «Орусия Кара деңизде Египетке бараткан жүк ташуучу кемеге ракеталык сокку урду»
Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан жасаган билдирүүсүндө Орусия Кара деңизде жарандык кемеге кол салганын белгиледи.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Кара деңизде Египетке бараткан буудай жүктөлгөн жүк ташуучу кемеге ракеталык сокку урганын билдирди.
Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан жасаган билдирүүсүндө Орусия Кара деңизде жарандык кемеге кол салганын белгилеп: «Орусия ракетасы Египетке бара жаткан буудай жүктөлгөн кемеге тийди. Кара деңизде бүгүн болгон кол салууда катардагы жарандык кеме Украинанын аймактык сууларынан чыккандан кийин дароо бутага алынды. Алгачкы аныктамаларга караганда каза болгондор жок»,-деди.
Украинанын дүйнөлүк деңгээлде азык-түлүк коопсуздугуна салым кошкон өлкөлөрдүн бири экенине көңүл бурган Зеленский: «Дүйнөдөгү ондогон өлкөлөрдүн ички туруктуулугу жана жашоо каражаттары азык-түлүк экспорттук коридорлорунун нормалдуу жана көйгөйсүз иштешине көз каранды»,-деди.
Зеленский портторун, Кара деңизди жана дүйнөлүк рынокту азык-түлүк менен камсыздоо үчүн колдон келгендин баарын жасоону уланта турганын айтты жана сөзүн улап: «Өмүрдү коргоо Украина үчүн чыныгы приоритет жана бул ар бир өлкө үчүн приоритет болушу керек. Биз дүйнөнүн реакциясын күтөбүз. Буудай жана азык-түлүк коопсуздугу эч качан ракеталардын бутасы болбошу керек»,-деди.
Президент Зеленский дагы бир билдирүүсүндө бүгүн Орусиянын Донецк аймагында Эл аралык Кызыл Крест комитетинин гуманитардык миссиясына таандык унааларга кол салуу жасалганын, кол салууда 3 кишинин каза болгонун билдирди.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.