Вьетнамдагы «Яги» тайфунунан каза тапкандардын саны
Тайфундун айынын жүргөн сел жана жер көчкү жашоого терс таасирин тийгизүүдө.
Вьетнамдын түндүгүнө таасир эткен «Яги» тайфуну себеп болгон апаат жана кырсыктардан улам каза тапкандардын саны 197ге жетти.
Жергиликтүү маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда, тайфундун айынын жүргөн сел жана жер көчкү жашоого терс таасирин тийгизүүдө.
Кызыл дарыянын суулары жарым-жартылай тартылганы менен борбор Ханой дагы деле суу астында.
Тайфун себеп болгон сел, жер көчкү жана кырсыктардан өлкөнүн түндүгүндө 197 адам каза тапты.
Өлкөдө 128 кишинин дагы эле дайынсыз экени айтылса, 800дөн ашуун адам жаракат алды.
Вьетнам бийлиги тайфундан жапа чеккен аймактарда жардам жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн миңдеген аскер кызматкерлерин жөнөтүп, өлкөнүн түндүгүндөгү деңиз жээгиндеги шаарлардан 50 миңден ашуун киши эвакуацияланган.
Филиппиндин түндүк аймактарында 3-сентябрдагы нөшөрлөгөн жамгыр, сел жана жер көчкүдөн 20 киши каза болуп, 26 киши дайынсыз жоголгон.
Кытайдын Хайнань провинциясында да 7-сентябрдагы тайфундан 4 адам каза таап, 95 киши жаракат алган.