Евробиримдик Украинанын транзиттик жолу аркылуу өткөн орус газысыз жашоого даяр
Симсон Брюсселде Европанын энергия трансформациясында таштаган кадамдары бааланган «ЕБ энергетика биримдиги 2024» отчетуна байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.
Евробиримдиктин (ЕБ) энергетика боюнча комиссары Кадри Симсон Евробиримдик Украинанын транзиттик жолу аркылуу өткөн орус газысыз жашоого даяр экенин билдирди.
Симсон Брюсселде Европанын энергия трансформациясында таштаган кадамдары бааланган «ЕБ энергетика биримдиги 2024» отчетуна байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.
Европа Биримдигинин акыркы эки жылда жаңылануучу энергиянын орнотулушу боюнча ылдам алга жылганын эске салган Симсон : «2024-жылдын биринчи жарымында шамал жана күн энергиясы биринчи жолу электр энергиясын өндүрүүдө фоссилдик отундарды ашып, жаңы рекорд койду»,-деди.
Симсон кайра жаралуучу энергия булактарын кеңири колдонууну камсыз кылуу үчүн рынок интеграциясынын, тармактык жана инфраструктуралык инвестициялардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Орус күйүүчү майларына ондогон жылдар бою «көз карандылыкты» жоюуга жетишкендерин белгилеген Симсон, Европа Биримдигинин өткөн жылдарда Орусиядан жыл сайын 150 миллиард метр куб газ импорттогондугун, бирок азыр бул көрсөткүчтүн 50 миллиард метр кубдун да астына түшкөнүн белгиледи.
Симсон: «Биздин Орусияга болгон көз карандылыгыбыз 2021-жылдагы 45 пайыздан былтыр 15 пайызга чейин төмөндөдү»,-деп айтты.
Европа Биримдигинин газ цистерналарынын толтурулушу 1-ноябрга белгиленген датадан жумалар мурда 90 пайызга жеткенин эске салган Симсон, Европанын 2022-2024-жылдар арасында газ керектөөсүн 18 пайызга кыскартканын баса белгиледи.
«Биз Европанын энергия менен камсыздоо коопсуздугуна коркунуч келтирбестен, орус газын этап-этабы менен токтотууга чечкиндүүбүз»,-деп айткан Симсон Евробиримдиктин орус газы Украинанын транзиттик жолунан келбей, жолун улантууга даяр экенин айтты.
Европада энергиянын дагы эле абдан кымбат экенин белгилеген Симсон : «Энергиянын жогорку баасы өзгөчө Кытай жана АКШга салыштырмалуу Европанын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет», - деди.
Тектеш кабарлар
Герцог: "Түркияга каршы планыбыз жок"
Ицхак Герцог АКШдагы жөөт бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирүү жасады.