Швециянын жаңы тышкы иштер министри кызматташтыкты өнүктүрүүгө ынтызар

4-сентябрда кызматтан кеткен Тобиас Биллстремдун ордуна кечээ тышкы иштер министри болуп дайындалган Стенергард Анадолу агенттигине билдирүү жасады.

2186125
Швециянын жаңы тышкы иштер министри кызматташтыкты өнүктүрүүгө ынтызар

Швециянын тышкы иштер министри Мария Малмер Стенергард, Түркия менен кызматташтыкты бекемдөөнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.

4-сентябрда кызматтан кеткен Тобиас Биллстремдун ордуна кечээ тышкы иштер министри болуп дайындалган Стенергард Анадолу агенттигине билдирүү жасады.

Стенергард: «Түркия менен тыгыз кызматташтыкты улантам, өзгөчө НАТОдогу өнөктөшүбүз катары бул кызматташтыкты өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтөм»,-деди.

Швециянын Палестина жана Израиль саясатынын тынчтыкка багытталганын билдирген Стенергард: «Биринчи кезекте аймактагы куралдардын үнүн басуу жана эки мамлекеттүү чечимдин алкагында тынчтык орнотулушу керек»,-деди.

Украинага толук колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын баса белгилеген Стенергард: «Украина доосу биздин да дообуз. Украина кыска убакытта Европа Биримдигине мүчө болушу керек жана Украинага колдообуз уланат»,-деди.

Швециянын мамлекеттик телеканалы SVT тышкы иштер министри Стенергарддын чет өлкөгө алгачкы сапарын 18-сентябрда Түркияга жасай турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар