Абдулфеттах Сиси Европа өлкөлөрүн Израилге кысым жасоого чакырды

Германиянын президенти Франк  - Волтер Штайнмайер  25 жылдан кийин Египетке сапар менен барган биринчи немис президент болду.

2186169
Абдулфеттах Сиси Европа өлкөлөрүн Израилге кысым жасоого чакырды

Египеттин президенти Абдулфеттах ес  -  Сиси Европа өлкөлөрүнөн  Газа тилкесине карата кол салууларын токтотуусу үчүн Израилге кысым жасоосун суранды.

Египеттин расмий маалымат агенттиги  MENAнын билдиргенине караганда борбор шаар Каирге барган Германиянын президенти Франк  - Волтер Штайнмайер  25 жылдан кийин Египетке сапар менен барган биринчи немис президент болду. 

Президент Сиси менен Германиянын президенти Штайнмайер жолугушуудан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү. 

Сиси Штайнмайер менен бир катар аймактык маселелерди, ошондой эле Аддис-Абебанын он жылдан ашык убакыттан бери Каир менен келишим түзүүдөн баш тарткан Эфиопиянын Ренессанс дамба кризисин талкуулашкандарын айтты.

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына көңүл бурган Сиси, Европа өлкөлөрүнүн Газада ок атышпоо үчүн Израилге кысым көрсөтүүсүнүн маанисине жана Израилдин ачарчылыкты палестиналыктарга каршы курал катары колдонуусун четке каккандыгын баса белгиледи.

Сиси өлкөсүнү АКШ жана Катар менен туруктуулукту түзө турган, Газадагы кыйынчылыктарды акырына чыгара турган бир келишим үчүн иштеп жаткандыгын айтты.

Израилдин АКШнын колдоосу менен 2023 -  жылдын  7 -  октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде 16 миң  715ши бала, 11 миң  308зи аял болуп  жалпы 41 миңден ашуун палестиналык каза болду жана  95 миңге жакын киши жаракат алды. 

Уранды астында азыр да миңдеген сөөктүн бар экендиги, адамдар баш калкалаган орукана жана мектептер бутага алынып, жарандык инфраструктурада талкаланууда. 

 



Тектеш кабарлар