Вьетнамда болгон тайфунда 87 киши каза болду

Түндүктөгү көптөгөн дарыялар ташуу деңгээлине жетти.

2185514
Вьетнамда болгон тайфунда  87  киши каза болду
Вьетнамдын түндүгүндө болгон «Яги» тайфунунан келип чыккан апаат жана кырсыктарда каза болгондордун саны 87ге жетти.

VN Express маалымат сайтынын билдиргенине караганда жетекчилер Вьетнамды таасири астына алган "Яги" тайфунунан улам  752 кишинин жаралангандыгы, дайынсыз жоголгон  70 киши үчүн издөө - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын билдиришти. 

Жетекчилер апаатта  87 кишинин каза болгондугун белгиледи.

Вьетнам апаатты алдын алуу жана көзөмөлдөө мекемесинин билдирүүсүндө өлкөнүн түндүгүндөгү бир нече дарыянын ташуу деңгээлине  жакындагандыгы билдирилип, апааттан улам  48 миңден ашуун үйдүн зыян тарткандыгы жарыяланды. 

Билдирүүдө миңдеген гектардык дыйканчылык аянтынын суу астында калгандыгы билдирилди. 

Ошол эле учурда Вьетнамдын премьер  - министри Фам Мин Чинх "Ягиден"  жабыркаган Хайфон шаарына барып, келтирилген зыянды жабуу үчүн болжол менен 4 миллион долларлык жардам пакетин бекитти.

Вьетнам администрациясы тайфун таасирдүү болгон аймактарда жардам жана куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн миңдеген аскердик кызматкерди милдеттендирди. 

"Яги" тайфунунан улам өлкөнүн түндүгүндөгү  шаарлардан  50 миңден ашуун киши эвакуацияланды. 

Филиппиндин түндүк аймактарында   3 -  сентябрда болгон "Яги" тайфуну жол ачкан катуу жамгыр жаашы, сел жана жер көчкүдөн улам 20 киши каза болуп,  26 киши дайынсыз жоголгон. 

 Кытайдын Хайнань провинциясында 7 - сентябрда болгон тайфун 4 адамдын өмүрүн алып, 95 киши жаракат алганы маалымдалган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар