Түндүк Корея өзөктүк курал потенциалын арттырууну көздөөдө

Ким Түндүк Кореянын негизделишинин 76 жылдыгына карата  майрамдык иш - чараларда сөз сүйлөдү.

2185517
Түндүк Корея  өзөктүк курал потенциалын арттырууну көздөөдө

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөсүнүн өзөктүк курал потенциалын арттыруу үчүн саясат жүргүзүп жатышкандарын билдирди.

Ким Түндүк Кореянын негизделишинин 76 жылдыгына карата  майрамдык иш - чараларда сөз сүйлөдү.

АКШнын башта болгон өзгөчө ядролук куралдануусунун артышынын Түндүк Кореяга коркунуч туудурганын белгилеген Ким : «Аскердик артыкчылыктын сакталышы жана дагы да арттырылышы керек»,-деди.

Ким ошондуктан өлкөсүнүн өзөктүк курал потенциалын "экспоненциалдуу" жогорулатуу саясатын жүргүзүп жатканын жарыялады.

Дайыма өзөктүк коркунучка дуушар болгондорун белгилеген Ким, өзөктүк куралды «өзүн-өзү коргоо» үчүн колдоно тургандарын жана мунун эч кимге коркунуч туудурбай турганын айтты.

Ким Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ  мамлекет экендигин белгиледи. 

 

 

 



Тектеш кабарлар