Россия : Жакынкы Чыгышта кенен масштабдуу аймактык согушту чыгарууну каалагандар бар

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жакынкы Чыгышта кенен масштабдуу аймактык согушту чыгарууну каалагандардын бар экендигин белгилеп : «Муну менен күрөшүү керек»,- деди.

2185513
Россия : Жакынкы Чыгышта  кенен масштабдуу аймактык согушту чыгарууну каалагандар бар

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жакынкы Чыгышта кенен масштабдуу аймактык согушту чыгарууну каалагандардын бар экендигин белгилеп : «Муну менен күрөшүү керек»,- деди.

Лавров Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда өткөрүлгөн Россия  -  Булуң Кызматташтык Кеңешинин жыйынынан кийин суроолорго жооп берди.

Лавров жыйында  Палестина аймагындагы кырдаалдын талкуулангандыгын билдирип : «Бул жерде зомбулуктун акырына чыгарылышы, гуманитардык маселелердин чечилиши жана БУУнун Палестина мамлекетинин курулушу тууралуу чечимдеринин ишке ашырылышына байланыштуу иштердин баштатылышы керектиги тууралуу бирдей позицияга ээбиз»,- деди.

АКШнын Жакынкы Чыгышка карата саясатына токтолгон Лавров : "Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы ар кандай процессте өзүнүн монополиясын сактап калгысы келет. Мунун ийгиликсиз экендигин көп жолу көрдүк",- деди.

Лавров Катар жана Египеттин Газа тилкеси тууралуу сунуштарды киргизгендигине көңүлдөрдү буруп : "Бул өлкөлөр акылга сыярлык бир нерсени сунуштаса алдын ала макулдашуу түзүлөт. Бирок андан кийин Израиль администрациясы кошумча шарттарды коёт. Бул трагедияны тез арада токтотуп, ок атышпоону түзүү керек. Палестина аймактарындагы кризис Ливан - Израиль чек арасына, Йемен жана Кызыл деңиздеги абалга чагылды. Муну менен күрөшүү керек».

Министр Лавров палестиналыктар менен Хамастын арасында биримдиктин түзүлүшү керектигин, ФАТХ кыймылынын талкуулардан баш тартышы керектигин белгиледи.

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Лавров Эр - Риядда Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысы Хусейин Ибрахим Таха менен да жолугушту.

Палестинадагы абал талкууланган жолугушууда эки тарап да Газа тилкесинде кагылышуулардын чукул түрдө токтотулушун жана БУУнун чечимдеринин негизинде сүйлөшүүлөрдүн баштатылышы керектигин баса белгиледи.

Жоолугушууда Россия жана Ислам Кызматташтык Уюмунун арасында түрдүү тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн бекемдеши тууралуу макулдашылды.



Тектеш кабарлар