Польшадан НАТОго чакырык

Косиняк-Камыш жекшемби күнү НАТО мүчөлөрү Румыния менен Латвиянын аба мейкиндигине орус учкучсуз учуучу аппараттардын кирип кетишинин кырдаалдын олуттуулугун далилдегенин айтты.

2185484
Польшадан НАТОго чакырык

Польшанын коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш, орус учкучсуз учуучу аппараттарынын өлкөлөрдүн аба мейкиндигин бузганына каршы НАТОну биргелешип жооп кайтарууга чакырды.

Мамлекеттик PAP маалымат агенттигине караганда, Косиняк-Камыш жекшемби күнү НАТО мүчөлөрү Румыния менен Латвиянын аба мейкиндигине орус учкучсуз учуучу аппараттардын кирип кетишинин кырдаалдын олуттуулугун далилдегенин айтты.

Коснияк-Камыш НАТО союздаштарынын ушул сыяктуу жагдайларга биргелешип жооп кайтарышы керектигин, бул маселени талкуулап жаткандарын бирок азырынча жыйынтык чыга электигин билдирди.

Министр Косиняк-Камыш Польшанын абадан коргонуунун эң мыкты системаларын сатып алуу менен куралданышы жана бекемделиши керектигин да айтты.

Косиняк-Камыштын билдирүүлөрү, жекшемби күнү орус дрондору ​​Латвия менен Румыниянын аба мейкиндигин бузгандан кийин жасалды.



Тектеш кабарлар