Хамас Нетаньяхуга кысым жасоого чакырды

Ришк Телеграмдан берген билдирүүсүндө : "Эгерде Нетаньяхуга кысым жасалбаса жана макулдашылгандарга мажбурланбаса Израилдин туткундары жакшы күн көрбөйт",- деди.

2185376
Хамас Нетаньяхуга кысым жасоого чакырды

Палестина каршы чыгуу кыймылы Хамастын саясий бюросунун  мүчөсү Иззет ер  -  Ришк Газада ок атышпоо жана туткун алмашуу тууралуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө Израилдин премьер  -  министри Беньямин Нетаньяху ортого салган жаңы шарттарга сүйлөшүүлөрдө  көңүл бурулушуна каршы экендерин айтты.

Ришк Телеграмдан берген билдирүүсүндө : "Эгерде Нетаньяхуга кысым жасалбаса жана макулдашылгандарга мажбурланбаса Израилдин туткундары жакшы күн көрбөйт",- деди. 

Ришк  Нетаньяхунун келишим долбооруна кошумчалаган беренелер тууралуу : "Нетаньяхунун жаңы шарттары сүйлөшүүнүн негизги темасы болуп саналышы бизди баштан эле кайтарат",- деген баа берди. 

Ришк билдирүүсүндө Израилдин жана АКШнын Хамаска каршы жаңы шарттарды киргизүүгө аракет кылгандыгына көңүлдөрдү буруп : "Жалгандар менен жана сүйлөшүүлөрдү аксатуу менен Палестина калкына карата кол салуулардын жоопкерчилигинен качууга аракет кылууда",- деди. 

Израилдин Газа тилкесине 7  - октябрдан бери уланып жаткан кол салууларын токтотуу үчүн тараптардын ортосунда көптөн бери кыйыр сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Премьер - министр Нетаньяху Израиль жана эл аралык коомчулук тарабынан саясий себептерден улам Хамас менен туткундарды алмашуу келишимин түзбөө менен айыпталууда.

Израилдин келишим долбооруна кошумчалаган беренелердин өзгөчө Египет  -  Газа чек ара линиясындагы Филадельфи коридорунда көзөмөлүн улантууну талап кылышы сүйлөшүүлөрдү кыйындаткандыгы баса белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар