Италиядагы катуу шамалдын кесепети
Италия басма сөзүндө орун алган кабарларда, өлкөдөгү катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгырдын жашоого терс таасирин тийгизгени белгиленди.
Италиянын бүтүндөй аймагын каптаган катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр кар көчкү, сел жана суу ташкындарына себеп болду.
Италия басма сөзүндө орун алган кабарларда, өлкөдөгү катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгырдын жашоого терс таасирин тийгизгени белгиленди.
Гезитте өлкөнүн түндүгүндөгү Валле д'Аоста аймагында жайгашкан Альп тоолорунда болжол менен 4 миң метр бийиктиктеги Монте Роза дөбөсүндө шамалдын кесепетинен кар көчкү түшкөнү жана ошол кезде дөбөгө чыгып жаткан кээ бир альпинисттердин кар көчкү астында калышы мүмкүн экени айтылды.
Бир тараптан Альп тоосунун эң бийик жери Монбланга чыккан 4 альпинисттин дем алыш күндөрүндөгү шамалда жоголгону, 2си кореялык, 2си италиялык болгон дайынсыз альпинисттерди издөө иштери жүрүп жатканы басма сөздө маалымдалды.
Тоскана жана Ломбардия аймактарындагы кээ бир калктуу конуштарда шамал жана нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп имараттардын чатырлары учканы, бак-дарактардын кулаганы белгиленди.
Кечээ кечинде жана эртең менен жааган нөшөрлөгөн жамгыр борбор калаа Римдин айрым жерлеринде селге себеп болду.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.