Гутерриш кызматта турганда Газадагыдай кыйроо менен өлүмдү эч качан көрбөгөнүн билдирди

Гутерриш  Associated Press (AP) агенттигине берген маегинде 2023-жылдын 7-октябрынан берки Газадагы окуяларга жана дүйнөдөгү кагылышууларга баа берди.

2185447
Гутерриш кызматта турганда Газадагыдай кыйроо менен өлүмдү эч качан көрбөгөнүн билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш кызматта турганда Газадагыдай кыйроо менен өлүмдү эч качан көрбөгөнүн билдирди.

Гутерриш  Associated Press (AP) агенттигине берген маегинде 2023-жылдын 7-октябрынан берки Газадагы окуяларга жана дүйнөдөгү кагылышууларга баа берди.

БУУнун Газада мүмкүн болгон ок атышпоону сактоону сунуш кылганын белгилеген Гутерриш, БУУнун Тынчтыкты көзөмөлдөө уюмунун (UNTSO) Жакынкы Чыгыштагы миссиясын эске салды.

Антонио Гутерриш, бирок Израилдин кабыл алышы күмөн болгондуктан БУУнун Газанын келечегинде роль ойноосу «реалдуу эмес» деп билдирди.

Газада ок атышпоонун шашылыш экенине көңүлдөрдү бурган Гутерриш: «Газада биз көрүп жаткан азап БУУнун баш катчысы болуп турганымда болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкты. Мен Газада акыркы бир нече айда көргөндөй өлүм менен кыйроонун деңгээлин эч качан көргөн эмесмин»,-деди.

Гутерриш эки мамлекеттүү чечимдин жалгыз жол экенин жана башка альтернативанын ишке ашуусу мүмкүн эмес экенин айтып: «Бул 5 миллион палестиналыктын бир  мамлекетте эч кандай укугу жок жашоосу дегенди билдирет»,-деди.

Дүйнөнүн «толук башаламандыкта» экенин баса белгилеген Гутерриш кагылышуулардын жайылып баратканын, Газага кол салуулардын жана Орусия-Украина согушунун «аягы көрүнбөгөнүн» айтты.

Гутерриш Орусия-Украина согушу үчүн жакынкы келечекте ок атышпоо көрбөгөнүн белгилеп, согуштун тез же оңой бүтпөй турганын айтты.

БУУнун гуманитардык жардам операцияларынын да кризисте экенин белгилеген Гутерриш, кагылышуулар, табигый кырсыктар жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу муктаждыктардын олуттуу түрдө өскөнүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар