Германиянын армиясы согушка даяр эмес
Киль Дүйнөлүк экономика институту (IfW) "Европа менен Германиянын Орусияга каршы жай куралданышы" аттуу изилдөө отчетун даярдады.
Германияда жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда, армия согушка даяр эмес.
Киль Дүйнөлүк экономика институту (IfW) "Европа менен Германиянын Орусияга каршы жай куралданышы" аттуу изилдөө отчетун даярдады.
Отчетто немис армиясынын ыктымалдуу согушка көп жылдардан кийин гана даяр боло ала турганы белгиленди.
Германиянын орус коркунучуна каршы абдан жай куралданып жатканына көңүл бурулган отчетто, Германия менен Орусиянын аскердик потенциалынын ортосундагы ажырымдын дагы да кеңейе берерине басым жасалды.
Отчетто Орусиядан келген коркунуч эске алыганда коалициялык өкмөттүн коргонуу тармагына сарптоосу толук жетишсиз экени, буга учурдагы камсыздоо көрсөткүчү кошулганда Германиянын 20 жыл мурунку аскердик запастарына жетиши үчүн дээрлик 100 жыл керек экени айтылды.
Учурдагы камсыздоо көрсөткүчү менен немис армиясынын 2004-жылдагы согуштук учак запастарына болжол менен 15 жылда, согуштук танк запастарына болжол менен 40 жылда жана артиллериялык гаубицага дээрлик 100 жылда жете ала турганы билдирилди.
Германияда 2004-жылы 423 согуштук учак бар болсо, 2021-жылы бул сан 226га азайган. Акыркы 2 жылдагы буюртма көрсөткүчүнө караганда 2038-жылы кайрадан 2004-жылдагы көрсөткүчкө жетүү мүмкүн болот.
Отчетто өндүрүштүк кубаттуулугу өсүп келе жаткан Орусиянын немис армиясынын бардык запастарын 6 айдан бир аз ашык убакытта чыгара ала турганы белгиленди.