Газа тилкесинде 1 - сентябрдан бери уланып келе жаткан эмдөөдө 446 миңден ашуун бала эмделди
Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус маалымат берди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Газа тилкесинде 1 - сентябрдан бери уланып келе жаткан
полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясынын алкагында 446 миңден ашуун баланын эмделгенин билдирди.
Гебрейесус X социалдык медиа платформасынан Газа тилкесинде жүрүп жаткан эмдөө өнөктүгү тууралуу билдирди.
"Газанын түштүгүндөгү полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясы эмдөө башталган 1 - сентябрдан бери 446 миңден ашуун баланын эмделиши менен аяктады",- деген Гебрейесус 5 саламаттыкты сактоо мекемесинин, бардык балдардын эмделиши үчүн ишин уланта тургандыгын айтты.
Гебрейесус эмдөө болгон аймактарда "кагылышууларга гуманитардык тыныгуунун берилишин", кампаниянын Газа тилкесинин баарында ийгиликтүү аякташы үчүн абдан маанилүү экендигин айтты.
Газанын түндүгүндөгү эмдөө кампаниясынын башталышы үчүн даярдыктардын улантылып жаткандыгын белгилеген Гебрейесус : "Газадагы балдар полемиелитке каршы эмдөөлөрдү эле эмес, туруктуу тынчтыкка да ылайык",- деди.