БУУ Эйги боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды

Шамдасани 6-сентябрда оккупацияланган Батыш Шериада израилдик аскерлер тарабынан атылган ок башына тийген Эйгинин өлүмүнө байланыштуу баа берди.

2185511
БУУ Эйги боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары кеңсесинин басма сөз катчысы Равина Шамдасани, басып алынган Батыш Шериада израилдик аскерлердин америкалык жана түрк жараны бейөкмөт ыктыярчы Айшенур Эзги Эйгинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

Шамдасани 6-сентябрда оккупацияланган Батыш Шериада израилдик аскерлер тарабынан атылган ок башына тийген Эйгинин өлүмүнө байланыштуу баа берди.

БУУнун Адам Укуктары Башкармалыгынын 26 жаштагы Эйгинин Батыш Шериада тынчтык митингине катышып жаткан жеринен атып өлтүрүлгөнүн белгилеген Шамдасани : «(Эйги) Израиль күчтөрүнө коркунуч туудурган жок. Эйги тынчтыкчыл демонстранттарга жана башка палестиналыктарга каршы Израилдин системалуу түрдө өлтүрүүчү күч колдонуусунун символу болуп калды»,-деди.

Израил аскерлеринин 6-сентябрда 13 жаштагы палестиналык кызды да өлтүргөнүн эске салган Шамдасани : «Анын (Эйги) өлтүрүлүшү жана Батыш Шериадагы бардык мыйзамсыз өлтүрүүлөр боюнча көз карандысыз иликтөө болушу керек»,-деп чакырыгын жасады.

Шамдасани Эйгинин абалынын абдан аянычтуу экенин баса белгилеп, бирок мунун өзүнчө бир окуя эмес экенин да айтты.

Айшенур Эзги Эйги палестиналыктардын укуктарын колдогон тилектештик кыймылдарына активдүү катышкан.

6-сентябрда басып алынган Батыш Шерианын Израиль басып алган палестиналык жерлерди кеңейтүүгө каршы тынчтык демонстрациясынын катышуучуларына израилдик аскерлер ок аткан.

Палестиналыктарга колдоо көрсөтүү үчүн демонстрацияга катышкан жана АКШ жарандыгын алган Эйги башынан ок жеп, оор жаракат алды. Палестинадагы ооруканага жеткирилген Эйги бардык кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла алган жок.



Тектеш кабарлар