Австралияда нааразылык акциясы
Демонстранттар Австралияны Израилге курал сатпоого чакырышты.
Австралиянын Виктория штатынын борбору Мельбурнда он миңдеген киши көчөлөргө чыгып, өкмөттүн Израилге курал сатуусуна каршылык көрсөтүштү.
9newscom агенттигинин маалыматына караганда, согушка каршы чыккан он миңдеген демонстранттар ишембиден бери Мельбурн шаарында Кургак күчтөрүнүн коргонуу жарманкеси өтүп жаткан аянттын айланасында акыркы жылдардагы эң ири нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.
Демонстранттар Австралияны Израилге курал сатпоого чакырышты, ал эми топтун саны он миңге жеткендиктен жарманке аянтынын айланасында кеңири коопсуздук чаралары көрүлдү.
Нааразылык акцияларынын улануусу жана катышуучулардын санынын көбөйүшү күтүлүп жатканда Виктория штатынын казына министри Тим Паллас бул жарманкенин Газадагы окуялардан мурда пландалганына көңүл буруп, митингчилердин айынан миңдеген милиция кызматкерлери жана салыктар менен каржыланган миллиондогон полиция каражаттарынын мобилизацияланганын айтты.
Нааразылык акциясынын уюштуруучусу Натали Фарах басма сөзгө билдирүүсүндө: «Биз Австралиянын шериктеш болбошун каалайбыз, анткени Израилге курал жеткирүү эл аралык мыйзамдарга каршы келет»,- деди.
Штаттын премьер-министри Жакинта Аллан болсо Викторияда "кыйратуучу" жүрүм-турумга "орун жок" десе, Жашылдар партиясынын депутаты Габриэль де Виетри нааразылык акциясына катышуу үчүн парламентке барбай турганын жана курал жарманкесине каршы чыккандардын жанында болорун билдирди.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.